01:58
USD 87.45
EUR 91.63
RUB 0.97

ӨКМ: Өлкөнүн тоолуу аймактарына кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө

30-январынан 1-февралына чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-50,74-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусуна, Мырзаке — Кара-Кулжа —Алайкуу унаа жолунун 60-110-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG
14-февраль, жума