00:39
USD 86.40
EUR 93.13
RUB 1.03

Алтынбек Жумаев Майлуу-Суу шаарынын мэри болуп дайындалды

Алтынбек Жумаев Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» КРнын мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Жумаев Алтынбек Токтомуратович Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын мэри болуп дайындалды.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG