00:14
USD 87.00
EUR 89.68
RUB 0.84

Чолпон-Ата ат майданы жанындагы мыйзамсыз сатылган жерлер мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун түштүк тарабындагы жеке жактарга сатылып кеткен жерлер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жер Аскердик прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында кайтарылган. Аянты — 11,7 га. Базар баасы 392 миллион 652 миң сомду түзөт.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жер тилкеси мыйзамсыз сатылып кеткени аныкталган.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Фото Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы

Эң көп окулган жаңылыктар