«Сапат» билим берүү мекемелеринин тармагын «Маариф» эл аралык фондунун башкаруусуна өткөрүп берүү профессордук-окутуучулар курамына эч кандай таасирин тийгизбейт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Министрлик которуу чечими окуучулардын, студенттердин жана алардын ата-энелеринин кызыкчылыгы үчүн кабыл алынганын баса белгиледи. Бул билим алуу шарттарын жакшыртат жана студенттердин ар тараптуу өнүгүүсүнө жаңы перспективаларды ачат деп күтүлүүдө.
««Сапат» эл аралык билим берүү мекемелер тармагынын «Маариф» эл аралык фондунун башкаруусуна өтүшү билим берүү мекемелеринин ишмердигин үзгүлтүккө учуратпайт. Билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Мамлекеттик билим берүү стандарттарына, предметтик стандарттарга, базистик окуу пландарына жана окуу программаларына ылайык билим берүү процесси уюштурулат. Тарбиячылар, мугалимдер жана окутуучулар мурдагыдай эле өз кесибин аркалай беришет. Тарбиялануучулар, окуучулар жана студенттер билим берүү уюмдары менен буга чейин түзүлгөн келишимдердин негизинде билим алуусун улантышат. Билим берүү процессинин ар бир катышуучусунун укуктары корголот.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги аталган фонддун өкүлдөрү менен жолугуп, «Сапат» билим берүү мекемелер тармагында билим берүүнүн сапатын азыркы деңгээлинен түшүрбөө, колдон келсе, азыркыдан да жогору деңгээлге чыгаруу керектигин баса белгиледи», — деп билдирет ведомстводон.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 2-январында «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин бардык мүлкү жана мөөрү расмий түрдө түркиялык «Маариф» фондунун менчигине өткөн. Тиешелүү маалымат аталган уюмдун Фейсбук баракчасына жарыяланган.
Мындан аркы ишмердүүлүк үчүн бардык юридикалык жоопкерчилик эми «Маариф» фондуна жүктөлгөндүгү белгиленген.
2024-жылдын 31-декабрында министрлер кабинети «Сапат» билим берүү мекемелеринин тармагы «Маариф» фондунун башкаруусуна өткөнүн жарыялаган. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бул чечим республиканын окуучуларынын жана студенттеринин кызыкчылыгы үчүн, ошондой эле фонддун билим берүү тармагындагы ишенимдүү өнөктөш катары татыктуу репутациясын эске алуу менен кабыл алынганын түшүндүрдү.
Бирок бул чечим «Сапат» жааматына, студенттер жана алардын ата-энелери үчүн күтүүсүз болду. Мекеменин негиздөөчүлөрү Кыргызстандын жана эл аралык мыйзамдардын алкагында өз укуктарын коргоо ниетин билдиришкен.