04:44
USD 87.45
EUR 99.46
RUB 1.07

Ак-Суу районунда 81 миллион сомго бала бакча курулат

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Совет айылына бала бакча курууга тендер жарыяланды. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Маалыматка ылайык, тендерди Мамкурулушка караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялаган.

Тендердин пландалган суммасы 81 млн 409 миң 282 сомду түзөт, табыштамаларды 22-январга чейин берүү зарыл.

Бала бакча 100 орунга ылайыкталган.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG