08:02
USD 87.00
EUR 90.43
RUB 0.88

Улуттук банк: Кыргызстанда инфляциянын деңгээли 6,2 пайызды түздү

Кыргызстанда инфляциянын деңгээли 6,2 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын акча-кредит саясаты башкармалыгынын башчысы Айнура Мамбеткул кызы билдирди.

Ал белгилегендей, инфляциянын деңгээли жөнгө салуучу тарабынан белгиленген максаттуу маанилердин чегинде калууда. Улуттук банк 2025-жылы инфляция 5-7 пайызды түзөт деп болжолдоодо.

Анын динамикасы 2024-жыл ичинде болжолдонгондон ашпай, туруктуу деңгээлде сакталган. Буга инфляцияны кармап турууга мүмкүндүк берген тиешелүү акча-кредит саясатын жүргүзүү өбөлгө түздү.

Улуттук банктын божомолуна ылайык, үстүбүздөгү жылдын аягына чейин инфляция 6,5 пайыздан ашпайт.

Эң көп окулган жаңылыктар