05:16
USD 87.00
EUR 90.43
RUB 0.88

Кыргызстандын бюджетинин кирешеси былтыркы көрсөткүчтөн ашты

Кыргызстандын бюджетинин кирешеси былтыркы көрсөткүчтөн ашып, январь-ноябрь айларында 415 миллиард сомду түздү. Мындай маалыматтар Каржы министрлигинин бир айлык отчетунда камтылган.

Анын ичинен салыктык түшүүлөр 314,7 млрд сомду түздү. Анын ичинде Салык кызматы тарабынан 201,6 млрд сом кирешелер камсыз кылынды. Бажы кызматы 113 млрд чогулткан.

Эске сала кетсек, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджеттин кирешеси 391,8 миллиард сомду түзгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар