23:45
USD 87.00
EUR 90.44
RUB 0.86

Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын 2025-жылга бюджетинин долбоорун тааныштырды

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын 2025-жылга карата бюджетинин долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттарына сунуштады.

Борбор калаа башчысы бюджет трансферттерсиз 23,3 млрд сомду түзөрүн белгиледи.

Жалпы сумманын ичинен салыктык түшүүлөр 17,6 млрд сом, салыктык эмес кирешелер — 3,1 млрд, активдер жана милдеттенмелерден түшкөн кирешелер — 2 млрд сом пландалууда.

Айбек Жунушалиевдин айтымында, 2024-жылга шаардын бюджети болжолдуу түрдө 32,5 миллиард сомду түзсө, анын 868 миллиону административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкекке жаңы райондорду кошуудан түшкөн.

Эң көп окулган жаңылыктар