Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Элдар Абакиров Орусиядагы кыргызстандыктарга Улуттук банк санариптик сомдорду жүгүртүүгө киргизип жатат деген шылуундардан билдирүүлөр түшүп, аны сатып алууга чакырыктар болуп жатканын билдирди.
Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев өлкөнүн башкы жөнгө салуучу органы санариптик сомду сатпай турганын билдирди. Ал жүгүртүүгө 2027-жылы гана чыгат.
Депутат бул маалыматты ведомствонун сайтына жарыялоону Улуттук банктын жетекчисинен суранды.