Борбор калаада вандалдар «Барстын күчү» деп аталган муралга вандалдар зыян келтиришти. Бул тууралуу Basicolors арт-тобу социалдык тармактарда билдирди.
«Барстын күчү» мурал сериясы коомдун гармониялуу өнүгүшү үчүн теңчилик жана бирдей мүмкүнчүлүктөр темасынын маанилүүлүгүн көтөрөт. Жаңы фрейм алдыдагы Бишкек шаардык форумунун алкагында Гёте институтунун жана Бишкектеги Француз альянсынын каржылык колдоосу менен жасалган.
Мурал 10-кичирайондун жээгинде жайгашкан.
Белгилей кетсек, «Basicolors» — 1998-жылдан бери Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө ири көлөмдөгү дубал сүрөттөрүн жана граффитилерди жаратып келе жаткан бишкектик арт-топ болуп саналат.