Диний аталыштагы партиялар шайлоого катыша албайт. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Азамат Юсупов Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Депутаттар «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулап жатышат. Дин боюнча мамлекеттик комитет диний негизде саясий партияларды түзүүгө тыюу салууну, ошондой эле саясий уюмдардын диний ишмердүүлүккө катышуусуна каршы чыгууну жактайт.
Депутат мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин «Ыйман нуру» өңдүү партиялар Жогорку Кеңешке боло турган шайлоого катыша алабы деген суроону койду, анткени саясий бирикменин аталышында диний темалар камтылган.
Азамат Юсупов тескери жооп берди.