22:08
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Улуттук банк кайрадан интервенция жасап, 88 миллион доллар сатты

Кыргызстандын Улуттук банкы бүгүн, 10-декабрда кайрадан интервенция жасап, 88 миллион долларды сатты. Бул тууралуу регулятордун сайтында айтылат.

Кечээ, 9-декабрда Улуттук банк ири көлөмдөгү валютаны сатууну жүргүздү. Ошол эле учурда 54,5 миллион доллар бүтүм түзүлгөн күндөгү эсептешүүлөр менен жана 33,5 миллион доллар бүтүм жасалган күндөн башка күнгө ылайыкталып сатылган.

Эске сала кетсек, 2024-жылы Улуттук банк 24 валюталык интервенция жүргүзгөн. Алардын жалпы көлөмү 570,85 миллион долларды түзөт.

Өткөн жылы Улуттук банк валюта рыногуна 655,72 миллион доллар саткан.

Эң көп окулган жаңылыктар