Улуттук банк мыйзамдарды жана ченемдик укуктук актыларды бузгандыгы үчүн Бишкек шаарындагы эки алмашуу бюросунун лицензиясын убактылуу токтотту. Бул тууралуу көзөмөлдөөчү орган билдирди.
Чектөөлөр 2024-жылдын 11-декабрына чейин күчүндө болот.
Тизмеге төмөнкүлөр кирет:
«Динар и Ко» алмашуу бюросу (2023-жылдын 14-апрелинде берилген № 6516-лицензия), Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 170в дарегинде жайгашкан;
Абдрахманов көч., 129, № 5 бөлмөдө жайгашкан «Money Cash» алмашуу бюросу (2023-жылдын 13-январында № 6448-лицензия).