Борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев автобус айдоочуларынын психикасын ай сайын текшерип туруу керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал 24.kg басылмасына билдирди.
Мэрдин айтымында, ал коомдук транспорттун айдоочуларынын жоопкерчилигин жогорулатуу тапшырмасын берди.
«Биз Жазык-процессуалдык кодекске жол кырсыгына катышкан коомдук транспорттун айдоочуларынын жоопкерчилигине байланыштуу өзгөртүүлөрдү киргизели деп жатабыз», — деди Айбек Жунушалиев.
Ал кошумчалагандай, ай сайын автобус айдоочуларынын психикасын текшерип туруу ниеттери бар.
«Психологиялык тесттер үчүн компьютердик бөлмөлөрдү даярдап койдук. Мындан тышкары, автобустарды башкарууну көрсөткөн төрт симулятор бар. Учурда айдоочулар жылына эки жолу психологиялык тесттен өтүшөт. Мен бул тесттерди ай сайын өткөрүүнү сунуштадым», — деди мэр.