Ош шаарында оңдоо иштеринен кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мамлекеттик материалдык резервдер кампасы ачылды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Объекттеги капиталдык оңдоо иштери Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан жүргүзүлгөн. Кампанын аянты 4 миң чарчы метрди түзөт. Имараттын жарымы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан 2 жыл 11 айга ижарага берилген.
Бүгүнкү күндө кампада биринчи сорттогу ун, кант, өсүмдүк майы, эт консервалары сакталат.
Мамлекеттик материалдык резервдердин кампасы мобилизациялык муктаждыктарга, табигый, техногендик жана социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды жана алардын кесепеттерин болтурбоо жана жоюу боюнча чараларды көрүү, рынокко жөнгө салуучу таасир көрсөтүү, качкындарга жана гуманитардык жардам көрсөтүүгө арналган материалдык баалуулуктардын запастарын сактайт.