Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Саккараевдин төрт тууганы Токмак шаардык кеңешине кирди. Бул тууралуу Exclusive.kg сайты билдирди.
Маалыматка ылайык, мандаттарды Медербек Саккараевдин жубайы Назгүл Мааткеримова, кызы Жанара Саккараева жана кудасы Тынайбек Сансызбаев алышты. Алардын баары «Эл биримдиги» партиясынан шайланган. Төртүнчү шайланган депутат Медербек Саккараевдин бир тууган иниси Анарбек Маликов «Ынтымак» партиясынан шаардык кеңешке депутат болуп шайланды.
Партиялык тизме менен таанышып чыккан 24.kg сайты «Эл биримдиги» партиясынан депутаттыкка депутаттыкка үч бир тууган — Эркегул, Айнагүл жана Чынаркул Саккараевдер, Элдана менен Жапаркул Саккараевдердин балдары да ат салышканын аныктады.
Белгилей кетсек, Медербек Саккараев Чүй-Кемин районунан депутат болуп шайланган. 2021-жылга чейин Казакстандын жараны болгон.
Эскерте кетсек, 17-ноябрда 33 шаардык жана 231 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өткөн.