12:54
USD 86.80
EUR 91.27
RUB 0.81

Камила Талиева 2025-жылды түтүн менен күрөшүү жылы деп жарыялоону сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева 2025-жылды экология жана түтүн менен күрөшүү жылы деп жарыялоону сунуштап жатат.

Ал Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Алымкадыр Бейшеналиевге Бишкек шаарындагы катастрофалык түтүн кырдаалына байланыштуу коңгуроо кагууну өтүндү.

Анын айтымында, абанын кооптуу булганышынан улам мүмкүн болуучу оорулардын алдын алуу зарыл.

«Лондондо 1952-жылы 13 миң адам түтүндөн каза болгон. Биздин түтүндү карачы. Мен жакында командировкадан келдим, түн ичинде, дем ала албай жатам. Сиз мамлекеттик органдарга жана журналисттерге жардам сурап кайрылууга милдеттүүсүз: «Жардам бергиле! Бизге дени сак калк керек! Сиз жана ӨКМ, Жаратылыш ресурстары министрлиги тиешелүү рейддерди, иш-чараларды өткөргөнү тууралуу эч качан уккан эмесмин. Эмнеге мынча кайдыгер болуп жатасыңар», — деп Камила Талиева Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчисине кайрылды.

Буга жооп катары Алымкадыр Бейшеналиев «бул багыттагы иштер мамлекеттик чоң программанын негизинде жүрүп жатканын» билдирди.

Мындай түшүндүрмөлөр эл өкүлүн канааттандырган жок.

«Сиз коңгуроолорду кагышыңыз керек. Сиздер Кыргызстанда 2025-жылды Экология жана түтүнгө каршы күрөшүү жылы деп жарыялоону демилгелешиңиз керек. Кытайда да түтүн боюнча чоң көйгөй болгон, бирок алар аны чече алышты», — деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, министрлер кабинети, тагыраак айтканда, энергетика министри Таалайбек Ибраев кыргыз элин түтүн болбойт деп ишендиргени менен Бишкек абасы эң булганган шаарлардын ондугуна дагы эле кирди.

Эң көп окулган жаңылыктар