13:45
USD 87.00
EUR 90.59
RUB 0.86

Санаторий, курорттор Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду эсебинен оңдолууда

Соцфонд былтыртан бери Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунан президенттик аппараттын эсебине каражат которуп, бул акчага санаторийлер, пансионаттар оңдолууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык фонддун жетекчиси Бактияр Алиев билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылы Эмгекчилердин ден соолук фондунда 738 миллион сом, 2024-жылы 581 миллион, 2025-жылы 643 миллион сом болгон.

Бактияр Алиев белгилегендей, министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, Социалдык фонд Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунан камсыздандыруу төгүмдөрүнүн топтолгон каражаттарын мамлекет башчынын администрациясынын эсептик эсебине жөнөтөт.

Депутат Нилуфар Алимжанова бул каражат кайда, кантип жумшалып жатканын эл билиши керектигин баса белгиледи.

Өткөн жылдын ноябрь айында Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасынын орун басары Омор Арстанбеков Социалдык фонд белгисиз себептерден улам Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондун каржылоону токтоткондугун билдирген.

Байланыш кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин республикалык комитетинин төрагасы Калыбек Өмүралиев калыбына келтирүү фондунан түшкөн каражаттар бюджеттен эмес экенин кошумчалады. Бул акчанын 0,25 пайызы иш берүүчүлөрдөн алынат.

Кийинчерээк президент Садыр Жапаров профсоюз уюмдарынын ассоциациясы болгон Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун эсебинен республика боюнча санаторий-курорттук мекемелерге жолдомо берүүгө мораторий киргизген.

Эң көп окулган жаңылыктар