03:33
USD 87.00
EUR 90.43
RUB 0.88

Кыргызстандагы банктардын кредит портфели 314 миллиард сомго жетти

Кыргыз Республикасынын банк секторунда кредиттөө көлөмүнүн өсүшү уланууда. 2024-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча коммерциялык банктардын кредит портфели 22 пайызга өскөн. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди.

Эң көп өсүш 24,4 пайызга көбөйүү менен улуттук валютадагы кредиттер боюнча байкалган.

Керектөө кредиттеринин өсүшү ички суроо-талапка олуттуу таасирин тийгизет. Бул банк секторунун негизги көрсөткүчтөрүнүн туруктуулугунун, ошондой эле банктардын жетиштүү ресурстук базасынын эсебинен мүмкүн болду, бул аларга экономиканы активдүү кредиттөөнү улантууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, өлкөгө акча которуулардын таза кирүүсү 25,1 пайызга көбөйдү, бул өлкөнүн ичиндеги финансылык активдүүлүктү да колдоого алган.

Эске сала кетсек, Улуттук банк эсептик ченди 9 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алган.

Эң көп окулган жаңылыктар