11:16
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Ысык-Көлдү сактоо үчүн Кыргызгыстан коңшу мамлекеттерге сууну аз бере баштайт

Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстан жана Өзбекстан менен түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын билдирди. Аларга Ысык-Көлдү сактап калуу зарылчылыгы айтылып, түшүндүрүлүп келет.

Анын айтымында, жакында Кыргызстанда көлдү сактап калуу маселелерин караган конференция болот. Ага дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн окумуштуулар чакырылган. Адистер Ысык-Көлдү сактап калуу программасын иштеп чыгуу менен алек.

Акылбек Жапаров белгилегендей, Ысык-Көлгө Арал деңизинин тагдырын кайталоого болбойт.

Эң көп окулган жаңылыктар