16:15
USD 85.80
EUR 92.87
RUB 0.89

Ала-Тоо аянтты эки күнгө унаа кыймылы үчүн жабылат

Бишкектин борбордук бөлүгүнө эки күн бою унаалар жүрбөй турганын ИИМдин Кайгуул кызмат башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 31-октябрда жана эртең, 1-ноябрда төмөнкү көчөлөрдүн бөлүктөрү жабылат:

Чүй проспектиси Абдрахманов көчөсүнөн Тоголока Молдо көчөсүнө чейин;

Тыныстанов, Орозбеков, Раззаков, Панфилов, Логвиненко көчөлөрүнүн бөлүктөрү жана Эркиндик бульвары Киев көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейин жабылат.

1-ноябрда Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата борбордук аянтта салтанаттуу парад өтөт. Ушул эле күнү кечинде Ала-Тоонун борбордук аянтында майрамдык концерт болот.

«Парад УТРК телеканалы аркылуу онлайн көрсөтүлүп, бардык ММКларда чагылдырылат. Кечки концерттик программада «Ыр-Кесе» музыкалык сынагынын жеңүүчүлөрү жана лауреаттары болгон ички иштер органдарынын кызматкерлери катышат. Концерт саат 18.00дө башталат», — деп белгилешти ИИМден.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы жарандарды жана борбор калаанын конокторун түшүнүү менен мамиле жасап, алдын ала ыңгайлуу каттамдарды тандап алууну суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар