22:30
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Илимдер академиясынын жаш кызматкерлеринин эмгек акысы 9 миң сомду түзөт

Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлеринин орточо айлыгы 13 миң сомду түзөт. Бул тууралуу депутат Аида Исатбек кызы Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.

 Анын айтымында, жаш кызматкерлердин айлыгы 9 миң сомду түзгөндүктөн, КР Улуттук илимдер академиясында жаштар негизинен пенсия курагындагылар иштешет.

 «Академия кызматкерлери айлык акыны үч эседен кем эмес жогорулатууну суранып жатышат. Алар министрлер кабинетине бир эмес эки жолу кайрылышкан, бирок маселе чечиле элек», - деди депутат.

Эң көп окулган жаңылыктар