22:30
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Жогорку Кеңеште Бишкектеги автобустардын аралыктары узак экендиги айтылды

Бишкекте автобустар узак аралыгы менен катташат. Бул тууралуу депутат Бактыбек Марипов Жогорку Кеңештин бүгүн, 24-октябрдагы жалпы жыйынында билдирди.

Эл өкүлү «Андан сырткары автобустар жык толгон, элге орун жок, кийинкисин күтүп жатышат. Автобустардын ортосундагы интервалды кыскартуу керек», — деди.

Мындан тышкары жарандар коомдук транспортто накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүүдө кыйынчылыктарга туш болуп жаткандыктарын белгиледи.

Белгилей кетсек, кечээ, 23-октябрда Бишкектин коомдук транспортунда техникалык иштерге байланыштуу накталай эмес төлөмдөр, валидаторлор жана Тулпар тиркемеси иштебей калган. QR коду аркылуу төлөм да иштеген жок.

Эң көп окулган жаңылыктар