Жогорку Кеңештин бүгүн, 24-октябрдагы жалпы жыйынында депутат Бактыбек Марипов алманы алып кирүүгө тыюу салууну сунуштады.
Анын айтымында, быйыл алманын түшүмү жакшы болгондуктан, шире чыгарган заводдор дыйкандардан килограммын 2-3 сомдон кабыл алышат. Ал эми алып, сатуучулар элден килограммын 20-30 сомдон алып жатышат.
«Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигине дыйкандарга алманы экспорттоого көмөктөшүп, импорттоого тыюу салууну тапшыруу керек», — деп сунуштады депутат.