05:56
USD 86.50
EUR 91.18
RUB 0.86

Бактияр Калпаев: «Бишкек шаардык мэриясы Батыш автобекеттин эскертүүсүз жапты»

Жогорку Кеңештин бүгүн, 24-октябрдагы жалпы жыйынында депутат Бактияр Калпаев кечээ, Бишкек мэриясы Батыш автобекетинин башка жакка көчүргөнүн билдирди.

Анын айтымында, азыр ал жерге автобикет иштебей калганын билбегендер келишкен.

«Алар кантип кетээрин билбей кыйналып турушат. Мэрия 15 күн мурун автобекет иштебей калат деп элге кабарлап, анын жайгашкан жаңы дарегин жарандарга айтып башташы керек болчу», — деп нааразы болду эл өкүлү.

Эске сала кетсек, 23-октябрда Бишкек мэриясы Батыш автобекетинин ишин токтотконун билдирген. Ал тейлеген бардык каттамдар Алма-Ата көчөсү, 1/1 (айланма жол менен кесилишкен) «Бишкек автобекетинин» автобекетинен чыгат. Шаардыктардын жана борбордун конокторунун ыңгайлуулугу үчүн мэрия тарабынан Батыш автобекетинен жана «Акжол» кичи автобекетинен Бишкек автобекетинин жаңы автобекетине жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн маршруттук каттам уюштурулду.

Эң көп окулган жаңылыктар