10:10
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Быйыл микрокредиттик компаниялар жарандарга дээрлик 30 миллиард сом берген

2024-жылы микрокредиттик компаниялар тарабынан кыргызстандыктарга дээрлик 30 миллиард сом берилген.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, биринчи жарым жылдыкта жарандардын микрокредиттик уюмдардан алган насыялары 29 миллиард 921,5 миллион сомду түздү. Аларды 560,6 миң адам насыя алган.

2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу микрокредиттерди алган өлкө жарандарынын саны 1,6 эсеге, берилген микрокредиттердин көлөмү 26,6 пайызга өскөн.

Микрокредит алгандардын жалпы санынын 54,5 пайызын аялдар түзүп, негизги алуучулар болуп калды.

Эң көп окулган жаңылыктар