20-октябрда Бишкекте 2024-жылдагы Кыргыз Республикасынын Суперкубогу үчүн беттеш өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги социалдык тармактарда билдирди.
Кубок үчүн өлкөнүн учурдагы чемпиону «Абдыш-Ата» менен КР кубогунун жеңүүчүсү «Мурас Юнайтед» беттешет.
Буга чейин маалымдалгандай, Суперкубоктун жеңүүчүсү 20 миң доллар алат.