20:20
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Маданият министрлиги М. Күрөңкеев атындагы музыкалык колледжинин имаратын бузат

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги М.Көңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык колледжинин имаратын бузуп, ордуна жаңысын курууну пландоодо. Бул тууралуу Биринчи радиого министрдин биринчи министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди.

Анын айтымында, бул имарат жер төлөсү жок, пайдубалы жапыз курулган.

«Комиссия түзүлүп, тиешелүү адистердин корутундусунун негизинде ошол эле жерге жана ошол эле долбоор боюнча жаңы имарат куруу пландалууда», — деди ал

Белгилей кетсек, Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык колледжи юридикалык жак болуп саналган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык иш алып барган мамлекеттик окуу жайы болуп саналат.

Мектеп 1939-жылы октябрда Фрунзе шаарында Кыргыз ССР Эл Комиссарлар Советинин токтому менен негизделген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун 1945-жылдын 25-майындагы Указы менен ага Кыргыз ССРинин эл артисти Мураталы Күрөңкеевдин ысымы ыйгарылган.

Ал эми 2024-жылдын август айында өлкө президенти бул окуу жайга улуттук макам ыйгарган.

Эң көп окулган жаңылыктар