Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин жыйынында депутат Улугбек Ормонов каржы министри Алмаз Бакетаевге ооган аскерлерине жеңилдиктер үчүн төлөнүүчү компенсацияны көбөйтүүнү суранышканын эскертти.
«2024-жылдын бюджетин пландоодо алардын компенсациясын көтөргөн жоксуздар. Алар 2025-жылдын бюджетин кароодо маселени кароого убада беришти», — деди парламентарий.
Каржы министри 2025-жылы ооган аскерлерине компенсация көтөрүлбөйт деп жооп берди.
«Азыр биринчи кезекте пенсиядагы укук коргоо органдарына көңүл буруп жатабыз. Кийинки жолу оогандардын маселесин карайбыз», — деп жооп берди Бакетаев.
Депутат оогандыктарга компенсацияны көбөйтүү үчүн 20 миллион сом гана керектелерин белгиледи. Ал эми Ооган согушунун 5 миңге жетпеген ардагери калганын эске алууну суранды.
Кошумчалай кетсек, президенттин жарлыгына ылайык, афгандык майыптарга — 7 миң сомдон, катышуучуларга — 6 миң сомдон жана Ооганстанда курман болгондордун жесирлерине — 1 миң сомдон жөлөк пулдун ордуна республикалык бюджеттен акчалай компенсация төлөнөт.