22:20
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Кыргызстан Baykar Technology компаниясы менен коргонуу долбоорлорун ишке ашырат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда Baykar Technology директорлор кеңешинин төрагасы Сельчук Байрактарды кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө аскердик-техникалык кызматташтыкты тереңдетүү жана коргоонуу жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы Baykar Technology сыяктуу алдыңкы эл аралык компаниялар менен кызматташтыкты бекемдөө өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатууда, улуттук аскердик-өнөр жай комплексин өнүктүрүүдө жана регионалдык коопсуздукту бекемдөөдө негизги ролду ойноорун баса белгиледи.

Сельчук Байрактар, өз кезегинде, Baykar Technology компаниясы Кыргызстан менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө даяр экенин айтып, чек аралардын коопсуздугун камсыз кылуу жана потенциалдуу коркунучтардын алдын алуу үчүн натыйжалуу токтотуучу факторду түзүү маселелеринде заманбап технологияларды колдонуунун маанилүүлүгүн белгилей кетти.

Жолугушуунун жүрүшүндө президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана аскердик потенциалын чыңдоого кошкон зор салымы үчүн Сельчук Байрактарды “Даңк” ордени менен сыйлады.

 Өз кезегинде Сельчук Байрактар мамлекет башчысына канаттарында “Манас” эпосундагы негизги учурлар чагылдырылган “Акынжы” учкучсуз учуучу аппаратынын сувенир-макетин тартуу кылды.

Эң көп окулган жаңылыктар