20:20
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Садыр Жапаров иш сапары менен Россияга жөнөп кетти. Делегациянын курамы

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, иш сапары менен Россияга КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн жөнөп кетти. Бул тууралуу презтденттин сайтында маалымдалды.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар:

— министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары, Кыргызстандын КМШ иштери боюнча улуттук координатору Адылбек Касымалиев;

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

-президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев;

-президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;

— Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү Улукбек Кармышаков.

Эскерте кетсек, КМШнын Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө Шериктештикке мүчө мамлекеттердин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыгын кеңейтүүгө жана бекемдөөгө багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат.

Эң көп окулган жаңылыктар