18:18
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Жалган жалаа мыйзамы. ЖК депутаты Эрулан Кокулов долбоорду колдобойт

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда жалган жалаа, мазактоо жана жалган маалымат таратуу үчүн 100 миң сом айып салуу боюнча мыйзам долбоорун колдобойт.

Анын айтымында, мыйзам кабыл алынса жеке адамдарга гана тиешелүү болот.

«Мыйзам долбоору кээ бир адамдарга жагуу үчүн киргизилгенин билем. Иш жүзүндө документ жөнөкөй жарандардын кызыкчылыгына иштебейт. Ошондуктан мен бул документке каршымын», — дейт Эрулан Кокулов.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө журналисттердин жоопкерчилигин караган мыйзамдар мурунтан эле бар жана жаңысын кабыл алуунун зарылчылыгы жок.

Эске сала кетсек, алар Мыйзам бузуулар жөнүндө кодексти маалымат каражаттарында жалаа жабуу жана кемсинтүү боюнча берене менен толуктоону каалашат. Тиешелүү мыйзам долбоорун Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча турак-жай комитети кабыл алды. Кошумчаларга ылайык, жалаа жана кемсинтүүлөр үчүн жеке жактарга 100 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң сом айып салынат.

Президент Садыр Жапаров мазактоо үчүн айып пул салуу керек деп эсептейт

Эң көп окулган жаңылыктар
7-октябрь, дүйшөмбү