22:24
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Садыр Жапаров Италиянын президенти Серджо Маттарелла менен жолугушту

Рим шаарында бүгүн, 3-октябрда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Италиянын президенти Серджо Маттарелланын расмий жолугушуу аземи болуп өттү.Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Квиринале Сарайында Садыр Жапаров менен биринчи айым Айгүл Жапарованы Италиянын президенти Серджо Маттарелла жана анын кызы Лаура Маттарелла тосуп алды.

Садыр Жапаровдун келишинин урматына Кыргызстандын желеги салтанаттуу көтөрүлдү. Оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткарып, Ардак кароолдун башчысы салам рапортун берди. Андан соң Сарайда эки өлкөнүн мамлекеттик желектеринин фонунда сүрөткө түшүү аземи жана делегацияларды тааныштыруу болду.

Расмий жолугушуу аземи аяктагандан кийин Садыр Жапаров менен Серджо Маттарелла сүйлөшүүлөргө өтүштү.

Эң көп окулган жаңылыктар