20:20
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Кыргызстан менен Казакстандын муфтийлери кызматташууну жогорулатууну макулдашты

Кыргызстан менен Казакстандын муфтийлери кызматташууну активдештирүү боюнча макулдашышты. Коңшу республиканын баш муфтийи Ноорузбай кажы Таганулы Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Абдулазиз Кара Закиров менен жолугушту. Бул тууралуу , Казакстан Республикасынын Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын сайтында айтылды.

Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгы
Фото Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгы

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы бир туугандык мамилелерди чыңдоонун маанилүүлүгү талкууланды. Мындан тышкары, диний чөйрөдө биргелешкен долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу айтылды. Азирети муфтий Ноорузбай кажы Таганулы казак менен кыргыздар эзелтеден бири-бирине кам көрүп, колдоо көрсөтүп келгендигин баса белгиледи. Жолугушууда тараптар эки тараптуу мамилелерди активдештирүү боюнча макулдашышты. Ошондой эле басма ишин өнүктүрүү, маалыматтарды тактоо жана насыйкаттарды өткөрүү боюнча кызматташууну бекемдөөгө макулдашышты.

3-октябрда Астана шаарында Түрк мамлекеттеринин муфтийлер кеңешинин кезексиз жыйыны өтөт. Ага Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Азербайжан жана Өзбекстандын муфтийлери катышат. Алар бир катар документтерге кол коюшат. Андан соң «Кожо Ахмет Ясави жана анын руханий мурасы» аттуу эл аралык илимий-теориялык конференция уюштурулат.

Эң көп окулган жаңылыктар