20:20
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Бишкектеги «Ак-Ордо» конушунда онколог-маммологдор бекер кабыл алышат

Улуттук онкология жана гематология борборунун онколог-маммологдору 5-октябрда акысыз кабыл алууларды өткөрүшөт. Бул тууралуу 24.kg басылмасына «Мен кереметтерге ишенем» коомдук фонду билдирди.

Бейтаптар саат 10.00дөн баштап Ак-Ордо конушу, Тунук көчөсү, 10а дареги боюнча кабыл алынат.

«Эмчек безинин рагы — өз убагында чара көрүү өлүм өкүмү эмес. Кыргызстанда аялдар күн сайын ушундай коркунучка туш болушат. Өтө кеч болгуча күтө бербе. Үзгүлтүксүз текшерүү — бул сиздин өмүрүңүздү сактап калуу мүмкүнчүлүгү», — деп белгилейт фонд.

Эң көп окулган жаңылыктар