16:28
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Бакыт Төрөбаев: «Ташталган малдын терисине акимдер жооп берет»

Кыргызстандын аймактарынын социалдык-экономикалык потенциалын жогорулатуу максатында кичи долбоорлорду ишке ашырууга багытталган «Кыргызиндустрия» ААКсынын базасында көргөзмө борбору ачылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Көргөзмө борбордо чакан жана орто ишканаларды ачуу, кайра иштетүү жана өндүрүш боюнча ишкерлерге, фермерлерге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына практикалык көрсөтмөлөр берилет.

Иш-чарада министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Бакыт Төрөбаев ар бир облуста аймактарга ылайыкташтырылган айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү чакан ишканаларды ачуу зарылдыгына токтолду. Ал өз сөзүндө жүндү кайра иштетүү маселесин мисал катары атады.

«Биз бул аймактарга ыңгайлуу, баасы 2 млн сомго жетпеген жүндү кайра иштетүүчү чакан цехти көрсөттүк. Мен акимдерге, областтык агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын жетекчилерине ачык эскертем, президент мага Ош, Ат-Башы, Түп, Кара-Кулжа болобу, жүн жерде жатса, акимди кызматтан кетиребиз деп айтты. Бул кичинекей нерсе деп ойлобогула», — деп баса белгиледи ал.

Борбор чакан бизнес долбоорлорунун үлгүлөрүн көрсөтүп, аларды өнүктүрүүнү талкуулап, эл аралык инвестиция тартууга көмөктөшөт. Негизги максат — көргөзмө борбордун ишин көрсөтүү, эл аралык жана ички инвестицияларды тартуу, аймактардагы чакан бизнести жана инновациялык долбоорлорду колдоо боюнча өнөктөштүк мамилелерди түзүү болуп саналат.

Эң көп окулган жаңылыктар