21:26
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Майлуу-Суу жана Кочкор-Ата шаарларында жаратылыш газын өндүрүү башталат

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу жана Кочкор-Ата шаарларында өлкөнүн түштүк аймактарынын калкын камсыз кылуу үчүн жаратылыш газы жетиштүү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында «Газпром Кыргызстан» ЖАКтын башкы директорунун экономика жана каржы боюнча орун басарынын милдетин аткаруучу Арзымат Алдаяров билдирди.

Анын айтымында, бул кендерде советтик геологдордун эсеби боюнча 4,5-5 миллион кубометр газ бар. Бул резервдер мамлекеттик баланска коюлат. Жакында кендердин ревизиясы аяктап, отчет даярдалып жатат, андан кийин министрлер кабинети өндүрүшкө кимдер тартыларын чечет.

Арзымат Алдаяров аудиттин жыйынтыгын геологиялык чалгындоо менен ырастоо зарыл экенин айтты.

Ал ошондой эле 2018-жылы «Кыргызнефтегазга» «Газпромдун» инвестициясын тартуу боюнча келишимге кол коюлганын маалымдады.

Эң көп окулган жаңылыктар