20:20
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Веб-камера студияларынын ээси Даниел Ажиев 9 жылга эркинен ажыратылды

Веб -камера студияларынын ээси Даниел Ажиев мүлкүн конфискациялоо жана айып пул салуу менен тогуз жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу маалыматты 24.kg басылмасына борбор калаанын Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы тастыктады.

Сот өкүмү 2024-жылдын 31-июлунда чыгарылганын белгиледи. Даниел Ажиев бир нече беренелер боюнча күнөөлүү деп табылды. Алар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Сойкулук үчүн жайларды уюштуруу же күтүү, бузукулук же сутенерлик», «Порнографиялык мүнөздөгү объектилерди таратуу», «Уюшкан топ түзүү же ага катышуу» жана «Мүлк тартуу» алдоо же кыянаттык менен пайдалануу жана зыян келтирүү" беренелери болуп саналат.

Мындан тышкары, сот Даниел Ажиевге эки жылга жеке ишкердик менен алектенүүгө тыюу салып, мамлекетке 220 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирди. Даниел Ажиев 2023-жылдын 5-июнунда веб-камера студияларынын трансулуттук тармагын уюштурганы үчүн кармалган.

Эске салсак, Даниел Ажиев 2020-жылы улуттар аралык кастыкты козуткан деп айыпталган. Бирок кийинчерээк ал акыл-эси жетишсиз деп жарыяланган. Ал ызы-чуунун аркасында жалпы коомчулукка белгилүү болгон. Бийлик коронавирустун пандемиясынан улам өзгөчө кырдаал жарыялагандан кийин ал колунда жокторго гуманитардык жардам тараткан. Социалдык тармактардын колдонуучулары Даниел Ажиевди сынга алышты. Андан соң веб-камера моделдер студиясынын уюштуруучусу кыргыздарды кемсинткен видеосун жарыялаган.

Эң көп окулган жаңылыктар