20:23
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Саламаттыкты сактоо министринин жаңы орун басары дайындалды

Саламаттыкты сактоо министринин жаңы орун басары болуп Каарманбек Байдавлетов дайындалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы
Фото Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы. Саламаттыкты сактоо министринин жаңы орун басары Каарманбек Байдавлетов

Буга чейин бул кызматты аркалап келген Айжамал Шамбетова өз арызы менен бошотулган.

Ачык булактардан маалым болгондой, Каарманбек Байдавлетов ар ар кайсы мезгилде Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборун, Жалал-Абад областтык саламаттыкты сактоону координациялоо жана башкаруу борборун жана Көк-Жаңгак шаарындагы Жалпы дарыгерлер практика борборун жетектеп келген.

Эң көп окулган жаңылыктар