12:14
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Токтогулдагы суунун көлөмү 13 млрд 26 млн куб метрди түздү

Бүгүн, 30-сентябрга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 13 млрд 26 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 394 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 205 куб метрди түзүүдө.

Белгилей кетсек, былтыр бул күнү суунун көлөмү 11,7 млрд куб метрди түзгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар