17:21
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Легендарлуу парламенттин депутаты Бегиш Аматов дүйнө салды

Бир күн мурун, 26-сентябрда 75 жаш курагында легендарлуу Жогорку Кеңештин депутаты, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Бегиш Аматов дүйнө салды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтында маалымдалды.

Бегиш Аматов 1949-жылы Ош облусунун Алай районундагы Көлдүк айылында туулган. 1966-жылы ветеринардык техникумду, андан кийин 1971-жылы Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн.

Эмгек жолун 1971-жылы «Алай» совхозунда мал чарба технику болуп иштөө менен баштаган. 1974-1976-жылдары Ленин атындагы совхоздо башкы мал адиси, 1976-1981-жылдары «Социализм» совхозунун директору болуп иштеген. 1981-1983-жылдары Алматыдагы Жогорку партиялык мектепте окуган. 1983-1990-жылдары Базар-Коргон районунун 2-катчысы болуп иштеген.

Бегиш Аматов 1990-1994-жылдары 12-чакырылыштагы Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин депутаты болгон, эл арасында «Легендарлуу парламент» деп аталган.

1991-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк декларациясын кабыл алуу демилгесин биринчилерден болуп көтөрүп, кыргыз элинин эгемендүүлүгүнө чоң салым кошкон.

24.kg сайты Бегиш Аматовдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтат.

Эң көп окулган жаңылыктар