22:37
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Бишкекте 300 миллион долларга жаңы ЖЭБ курулат. Келишимге кол коюлду

Борбор калаанын мэриясы «Orta Asya Investment Holding» ачык акционердик коому менен отун-энергетикалык комплекс боюнча инвестициялык келишим түздү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Долбоордун максаты — Бишкек шаарындагы ЖЭБ-2нин аймагында кубаттуулугу 250 мегаватттан ашык айкалышкан циклдик электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо.

Инвестициялык келишимдин суммасы 300 миллион долларды түзөт.

«Долбоор энергетикалык инфраструктураны модернизациялоого негиз гана болбостон, жаңы жумуш орундарын түзүүгө да жардам берет», — деп айтылат мэриянын маалыматында.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
Фото Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы. Инвестициялык келишимге кол коюу

«Orta Asya Investment Holding» компаниясы да өз каражаттарынын эсебинен «Ала-Арча» көмөк чордонуна электр берүү линиясын курууну жана Бишкек шаарынын борбордук системасына ысык суу менен жылуулукту кошуу үчүн узундугу 10 чакырымдан кем эмес жылуулук трассасын тартууну милдеттендирет

Эң көп окулган жаңылыктар