Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата изилдөөчү жана ишкер Далиа Алтунтепе Кыргыз Республикасынын Бельгиядагы элчилигине Европа архивдеринен алынган баалуу тарыхый материалдарды тапшырды.
Алардын арасында Борбордук Тянь-Шандын 4 миң 300 метр бийиктиктен тартылган карта жана 1906-жылы Мюнхенде жарык көргөн панорамалык сүрөттөр бар. Мындан тышкары Далиа Алтунтепе 19-кылымдагы кыргыздардын турмушун чагылдырган немис сүрөттөрүнүн репродукцияларын, анын ичинде «Түркстанда бороондо калган жылкылардын үйүрү» деген жыгачтан жасалган сүрөттөрдү тартуулады.
Тышкы иштер министрлигинин фотосу. Карта — Борбордук Тянь-Шандын панорамалык фотосу
Белгилей кетсек, Европада чоңойгон Далиа Алтунтепе түрк маданиятын жана Борбор Азиянын туристтик потенциалын жайылтууну улантууда жана Кыргызстан тууралуу мындан да сейрек кездешүүчү материалдарды дипломатиялык өкүлчүлүккө берүүнү пландоодо.