03:53
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Таласта тергөөчү кылмыш ишин жабуу үчүн 40 миң сом талап кылган

Опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча Талас шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөөчү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти

Маалыматка ылайык, Ч.Р.Ж.га карата кылмыш ишин козгоону токтоткондугу үчүн 40 миң сом өлчөмүндө пара талап кылган деген шек менен Талас шаарынын ИИБнын тергөөчүсү милициянын улук лейтенанты Б.Б.Т. кармалып, тергөө абагына киргизилди.

Азыркы учурда жогоруда аталган укукка каршы жосунга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-оперативдүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар