04:05
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

«Учкун» басмаканасынын кызматкерлеринин коррупциялык схемасы аныкталды

«Учкун» ААКтын типография кызматкерлеринин жана Бишкек ШИИБдин Милициянын кайгуул кызматынын инспекторлорунун коррупциялык схемасы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, басмакананын кызматкерлери административдик мыйзам бузуулар боюнча протоколдорду кайталаган.

«Бул бланктар инспекторлорго берилип, алар аркылуу мурда берилген протоколдорду жеке кызыкчылыгы үчүн алмаштырып, мамлекетке зыян келтиришкен», — деп айтылат маалыматта.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин фотосу. Кармалган басмакананын кызматкери

Аталган басмакананын эки кызматкери Т.у. М. жана М. у. Б.лар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эске сала кетсек, 16-сентябрда бул иш боюнча ШИИБдин Милициянын кайгуул кызматынын инспекторлору да кармалган.

Эң көп окулган жаңылыктар