03:49
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Кадастрдын мурдагы башчысы УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган

Ош облусунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин мурдагы жетекчиси Ш.Р.Ж., УКМКнын кызматкерине пара берүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, «Кадастр» ишканасынын мурдагы башчысы Ш.Р.Ж. жетекчи болуп турганда өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызыкдар адамдар менен тил табышып, Кара-Суу районунун Датка айыл аймагынын Ачы массивинин (мурда Шарк) башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизгендиги жана социалдык объекттерди (мектептерди, бала бакчаларды, комуналдык-кампа зоналарын, айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ж.б.) куруу үчүн арналган жер тилкелерин мыйзамсыз бергендиги аныкталган.

Кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу үчүн мурдагы аткаминер УКМК кызматкерине 15 миң доллар сунуштаган.

Натыйжада ал кармалып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар