05:12
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Парламент таркабайт. Төрага айың кептерге чекит койду

Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев парламенттин таркашы жана депутаттардын саны кыскарышы мүмкүн деген кептерди четке какты.

Төраганын айтымында, соңку күндөрү өлкөдө олуттуу саясий өзгөрүүлөр күтүлүп жатканы, анын ичинде референдум болушу мүмкүн, парламенттин тарашы жана депутаттардын саны кыскарышы мүмкүн деген кептер айтыла баштады. Ал белгилегендей, бул айың кептер, дооматтар жалган.

«Биз саясий туруктуулукту камсыз кылууну жана күчтүү экономикалык көрсөткүчтөргө жетишүүнү улантып жатабыз. Эч кандай саясий өзгөрүүлөрүүлөр болбойт. Алдыда жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдыктар жүрүп жатат, аны ачык-айкын, татыктуу өткөрүү биздин максат. Бүгүн эртең менен бул маселени өлкө жетекчилиги менен талкууладык. Эч кандай саясий өзгөрүүлөр болбойт», — деп баса белгиледи Нурланбек Шакиев.

Эң көп окулган жаңылыктар