09:52
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Хиджаб алынбайт, даават калат. Төрага дин мыйзамы боюнча үн катты

Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр боюнча пикирин билдирди.

Ал бул мыйзам долбоору боюнча коомдо кызуу талкуулар жүрүп жатканын белгилеп, бул талкууларды конструктивдүү багытка буруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Дин мамлекеттен бөлүнгөн. Мыйзам долбоорун тиешелүү комиссия жана дин тармагындагы адистер иштеп чыгышкан. Ар кандай чектөөлөр болорун, мисалы, жиджапты чечүүгө мажбурлап, дааватка чыгууга тыюу салышарын айтышууда. Алар жоолукту чечпейт, бул биздин каада-салтыбыз, динибиз. Дааваттын жардамы менен көбү аракечтиктен, наркоманиядан жана башка терс көрүнүштөрдөн арылды. Бирок мыйзам долбоору бул процесстерди иретке келтирүүгө багытталган», — дейт Нурланбек Шакиев.

Буга чейин президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов диний чөйрөнү иретке келтирүү боюнча иштелип чыккан мыйзам долбоору боюнча чагымчыл билдирүүлөрдү жасабоону суранган.

«Дин маселеси өтө сезимтал. Мындай бурмалоолорго жол берүү «от менен ойногонго» тете. Биринчиден, өлкөдөгү дин чөйрөсүн жалпы жонунан жөнгө сала турган мыйзам долбоорун «даваатка каршы» деп атоо туура эмес. Экинчиден, мыйзам долбоорун дин чөйрөсүндө мыкты түшүнүгү, илими бар аалымдар күн алыс чогулуп кеңири талкуулап өздөрүнүн сунуштарын беришүүдө. Андыктан коомчулукту дин маселесине байланыштуу чагымчыл, так эмес билдирүүлөрдү жасоодон карманууга чакырам», — деген Алакөзөв.

Эң көп окулган жаңылыктар