22:20
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Ошто ЖОЖдордун биринин деканы студенттерден пара алып жаткан жеринен кармалды

Ош шаарындагы Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин финансы-экономика факультетинин деканы студенттерден пара талап кылып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушундай жол менен университеттеги коррупциялык схема жоюлган.

" 9-сентябрда УКМК тарабынан Ош шаарындагы Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин (КУМУ) финансы-экономика факультетинин деканы Ш.Ш.О. мамлекеттик экзамендерди тапшырууда студенттерден системалуу түрдө опузалап акча талап кылгандыгы үчүн кармалган", -деп айтылат маалыматта.

УКМК өлкөнүн жогорку окуу жайларында коррупциялык көрүнүштөр болбошу керектигин эскертип, жарандарды окуу жайлардагы коррупциялык фактылар жөнүндө билдирүүгө чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар