22:22
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Азамат Юсупов Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору болду

Азамат Юсупов Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 71-беренесине ылайык Азамат Юсупов Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору болуп дайындалып, мурда ээлеген кызматынан бошотулду.

 

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын сайты
Фото Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын сайты. Мамлекеттик комиссиянын жаңы жетекчиси Азамат Юсупов

 Белгилей кетсек, ал дайындалганга чейин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун орун басары болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар